Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2025

Өзбекстандын президенти пахта жыйноо үчүн 10 күнгө өзгөчө абал жарыялады

0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө пахта терүү максатында 10 күндүк өзгөчө абал киргизди. Бул чечим 26-сентябрда түшүм жыйноо жана айыл чарба маселелерине арналган жыйындан кийин кабыл алынды.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл Өзбекстанда 875 миң гектарга пахта айдалып, 3,7 миллион тонна чийки пахта жыйноо пландалган. Ага 900дөн ашык техника тартылган.

Маалыматка караганда, айрым облустарда түшүм жыйноо кечеңдеп жатат. Сурхандарыя, Хорезм, Фергана жана Анжиян облустарында пахта терүү иштери жигердүү жүрүп жатса, ал эми Самарканд, Сырдарыя жана Навои аймактарында чабал жүрүп жатканы айтылды.

Президент көйгөйлүү райондордо ыкчам штабдарды түзүүнү жана түшүмдү өз убагында жыйноону камсыздоону тапшырды.

Мамлекеттик фонддун өкүлү Абдурашид Исроилов быйыл Кытайдан алып келинген пахта сорттору себилгенин жана аларды кечиктирбей жыйноо зарыл экенин билдирди. Анын айтымында, өлкөдө өзгөчө абал жумушчуларга айлык акыны өз убагында төлөп берүү үчүн киргизилген.

Коңшу өлкөдө Башкы прокуратура түшүм жыйноонун мыйзамдуулугун көзөмөлдөсө, ички иштер органдары коомдук коопсуздукту жана пахта ташууну камсыз кылат.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, техника менен жыйналган бир килограмм пахта үчүн 1373 сум (10 сом), ал эми кол менен терилген пахта үчүн 2000 сум (15 сом) төлөнөт.

Буга чейин Өзбекстанда пахта терүү учурунда 11 мыйзам бузуу аныкталып, үч адам жумушчуларды мажбурлап иштеткени үчүн айыпка жыгылган. (AiA)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса