Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2025
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Милиция Ошто эки адам эки айдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирди

0

Ош облусунда 41 жаштагы Назгүл Абдисатар кызы жана 12 жаштагы Акмарал Абдисатар кызы эки айдан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматында 1-сентябрда Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын тургуну кайрылып, сөз болуп жаткан эки адам 7-августта үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган.

Назгүл Абдисатар кызы көк түстөгү көйнөк, көк түстөгү шым, Акмарал Абдисатар кызы жашыл түстөгү футболка, кара түстөгү чолок шым кийип жүргөн.

Милиция аларды көргөн-билгендер болсо бул телефон номерлерине кабарлоону сурады.

03222 5-31-19, 0558 824880, 0707 630003. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса