Манчестерде синагогага кол салуудан эки киши каза тапты
Манчестерде синагогага кол салуудан эки киши каза тапты. Бул тууралуу Sky News телеканалы кабарлады.
Окуя эртең менен, саат тогуз жарымда Крампсолл аймагындагы жөөт жамаатынын ибадатканасында болгон. Күбөлөр белгисиз адам адегенде чогулуп турган кишилерди сүзгөнүн, андан кийин бычак шилтегенин айтып беришти. Төрт киши жарадар болду. Жергиликтүү бийлик үч кишинин абалы оор экенин билдирди.
Айрым маалыматтарга караганда, окуя болгон жерге келген полиция кол салган кишини атып өлтүргөн. Манчестердин мэри Энди Бернхэм коркунуч жок экенин айтып, бирок тергөө жүрүп жатканда окуя болгон жерге барбай турууну эскертти.
Полиция синагогадагы кишилерди эвакуациялады.
Британиянын премьер-министри Кир Стармер үрөй учурган кол салуунун жөөттөрдүн диний ыйык майрамы учурунда болгону өзгөчө тынчсыздандырарын белгиледи. Өкмөт башчы Копенгагендеги жыйындан шашылыш Лондонго кайтты. Стармер өлкөдөгү бардык синагогаларга кошумча полиция кызматкерлери жөнөтүлөрүн айтты.