БШК 30-ноябрдагы парламенттик шайлоонун алдында округдардын чек арасын жарыялады. Жаңы шайлоо округдары айрым райондорду ар башка округга бөлүү же бир нече районду бириктирүү менен түзүлгөн. Бийлик жаңы шайлоо округдары аймактар аралык тең салмактуулукту камсыздайт деп ишендирүүдө.