Трамп Газа планына көнүү үчүн ХАМАСка жекшембинин кечине чейин убакыт берди
АКШнын президенти Дональд Трамп Батышта террордук уюм деп таанылган ХАМАС радикал тобуна Газанын келечегине тиешелүү планы боюнча мунасага келүү үчүн жекшембинин кечине чейин убакыт берди. Америкалык лидер аны палестин согушкер тобу үчүн "акыркы мүмкүнчүлүк" деп атады.
“ХАМАС менен макулдашууга Вашингтон убактысы боюнча кечки саат алтыга чейин жетишүү зарыл. Бардык өлкөлөр планга макул болду. Бул АКЫРКЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ колдон чыгарсак, ХАМАС буга чейин эч ким көрө элек чыныгы ТОЗОККО туш болот”, - деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.
ХАМАС АКШ жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган.
Трамп сентябрдын этегинде 20 пункттан турган планды сунуш кылган. Ага ылайык, радикал топ барымтадагы бардык туткундарды бошотсо Газадагы ок атууну токтотуу каралган. Андан соң Израил аскерлерин анклавдан чыгарышы керек. Ошондой эле бул планда Израил Газаны басып же аннексиялап албашы керектиги да көрсөтүлгөн. Эгер план ишке ашса, Газа тилкесин башкаруу укугу технократтык органга өтүп, анын курамына палестиналык жана эл аралык эксперттер кириши керектиги сунушталган. Ал эми ХАМАС тобунун мүчөлөрү саясий жараяндарга катыша албайт.
Израил жана европалык бир нече өлкө Трамптын планын кубаттаган. АКШ жана Катар менен чогуу согушту токтотууга арачы түшкөн Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти айрым пункттар, асыресе тилкени башкаруу жана коопсуздук маселелери дагы талкууланууга тийиш деп жума күнү билдирди.
ХАМАС долбоор менен таанышып жатканын буга чейин айткан.
Газадагы азыркы согуш туура эки жыл мурда ХАМАС анклав тараптан Израилге кол салгандан кийин башталган. Жоочулар 1200дөй кишини өлтүрүп, 251и барымтага алынган. Ошондон бери 140тайы боштулган, ушу тапта согушкерлердин колундагы 20дай киши тирүү деп болжолдонууда.
Тилкенин саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, согуш башталгандан бери бул аймакта 66 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.