Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2025
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Газа: ХАМАС бийликти жана туткундарды өткөрүп берүүгө, Израил чабуулун азайтууга даяр

0

Израил АКШ президенти Дональд Трамптын Газа сектору боюнча тынчтык планынын биринчи этабын "дароо ишке ашырууга" даярданып жатканын 4-октябрга караган түнү премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси билдирди.

AFP маалымат агенттигине жарыяланган Израилдин билдирүүсүндө:

"Биз согушка чекит коюу үчүн Израил жарыялаган, президент Трамптын көз карашы менен дал келген принциптерге ылайык Ак үйдүн башчысы жана анын командасы менен толук кызматташтыкта иштөөнү улантабыз", - деп айтылды.

Израилдин саясий жетекчилиги аскерлерине Газа секторундагы чабуулдарын азайтуу тапшырмасын бергенин Reuters маалымат агенттиги жазды.

ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук деп жарыялаган топ) Газада барымтада кармап турган адамдарды бошотууга жана сектордо согушту токтотуу тууралуу америкалык пландын шарттарына көнүүгө макул экенин ишарат кылганда Кошмо Штаттардын башчысы Трамп Израилди Газаны бомбалоосун дароо токтотууга чакырды.

ХАМАСтын социалдык түйүндөргө жарыяланган билдирүүсүндө алар эгер "айырбаштоону ишке ашырууга зарыл шарттын бардыгы түзүлүп берилсе" барымтадагылардын баарын - тирүү калгандарын да, каза болгондордун сөөгүн да Израилге "президент Трамп сунуш кылган айырбаштоо формуласына ылайык" өткөрүп берүүгө макул экени айтылган.

"Кыймыл бул келишимдин деталдарын талкуулоо үчүн ортомчулар аркылуу чукул арада сүйлөшүү жүргүзүүгө макулдугун тастыктайт", - деп айтылды топтун билдирүүсүндө.

Ошону менен катар алар Газа секторун башкарууну "палестин улуттук мунасасына жана арабдар менен исламдын колдоосуна негизделген" көз каранды эмес органга өткөрүп берүүгө макул экенин жарыялады.

Бирок топтун билдирүүсүндө курал таштоо маселеси тууралуу эч нерсе айтылган жок. Сунушталып жаткан планда мындай талап камтылган. ХАМАСтын Катарда жайгашкан жетекчилиги АКШ президентинин демилгесиндеги айрым шарттарды өзгөртүү керектигин айтууда.

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн тынчтык планына макул болууга ХАМАСка 5-октябрдын кечине чейин убакыт берген. Америкалык лидер Газанын келечегине байланыштуу планды палестин согушкер тобу үчүн "акыркы мүмкүнчүлүк" деп атаган.

"ХАМАС менен макулдашууга Вашингтон убактысы боюнча кечки саат алтыга чейин жетишүү зарыл. Бардык өлкөлөр планга макул болду. Бул АКЫРКЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ колдон чыгарсак ХАМАС буга чейин эч ким көрө элек чыныгы ТОЗОККО туш болот", - деп жазган Трамп Truth Social социалдык түйүнүнө.

Радикал топтун соңку билдирүүсүнөн кийин АКШ президенти социалдык түйүнүнө жаңы пост жарыялап, ХАМАСтын позициясы алар тынчтыкка даяр экендигине ишендирип турганын жазды:

"ХАМАС жаңы эле жарыялаган билдирүүсүнө караганда, алар бекем ТЫНЧТЫККА даяр окшойт деп ойлоп жатам. Барымтадагыларды тез жана аман бошотуп алышыбыз үчүн Израил Газаны бомбалоосун дароо токтотушу керек! Азыр бул өтө кооптуу болуп турат. Биз деталдарын талкуулап жатабыз. Сөз жалгыз гана Газа эмес, Жакынкы Чыгыштагы көптөн бери күтүлүп жаткан ТЫНЧТЫК тууралуу болууда".

29-сентябрда жарыяланган план 20 пункттан турат. Анда Газада кармалып турган барымтадагы адамдарды бошотуу, израилдик аскерлерди палестин аймагынан бара-бара чыгаруу сыяктуу кадамдар каралган.

Израил, өз кезегинде, түрмөлөрүндө кармалып турган, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 250 палестинди эркиндикке чыгарышы керек болот. Ошондой эле, сунушталып жаткан планга ылайык, ХАМАС бийликтен кетип, куралын таштоосу зарыл.

Мындан тышкары аталган планда АКШ араб жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге "эл аралык турукташтыруу күчтөрүн" түзөрү каралган.

2023-жылы 7-октябрда бир күндө кеминде 1197 кишиси өлтүрүлүп, дагы 251и барымтада калган кандуу кол салуудан кийин Израил Газа секторунда ХАМАСка, Ливанда "Хезболлага" жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согуш баштаган. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. Ошондон бери Израил аталган топтордун башчыларынын дээрлик көпчүлүгүн жок кылды.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш жүрүп жаткан эки жылдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 66 миңден ашты. Согушту токтотуу боюнча АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай келген.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газадагы адам өлүмү боюнча статистика жалган эмес экенин билдирип, секторду ачарчылык тооруп турганын айтып келүүдө.

Израил ХАМАС чет элдик гуманитардык жардамдын көбүн өз максатында пайдаланып жатканын айтып, быйыл жазында жардам жеткирүүнү өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Газага деңиз аркылуу жардам ташып бараткан глобалдык кербендин кемелери бир нече күн мурда токтотулуп, ичиндеги саясатчылар, активисттер депортация кылына баштаганы кабарланган.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса