Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуна жаңы айып тагылды. Ал эми саясий тыңчылыкка күнөөлөнүп жатат. Мартта коррупция иши менен кармалган саясатчы июлда Стамбулдун прокурорунун "беделине шек келтирип, коркуткан" деген кине менен бир жыл, сегиз айга кесилген. Имамоглу дооматтарды четке кагууда.