Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

ӨКМ: Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайда төрт коттеж күйдү, өрт өчүрүлдү

0

Ысык-Көл районундагы Кош-Көл айылында жайгашкан “Радуга Вест” эс алуу жайында чыккан өрттүн жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзүп, төрт коттеж күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Өрт саат 16:00дө чектөөгө алынды. Коттеждер өрттөнүп жатканы тууралуу кабар 1-ноябрда түшкү саат бирлерде өрт өчүрүү кызматына түшкөн.

ӨКМдин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы беш күжүрмөн топ иштеди. "Тамчы" эл аралык аэропортунан кошумча топ жана пансионаттын өзүнөн да техника алынды.

Адистер кырсыкка эмне себеп болгонун тактап жатышат.

Кыргызстанда, ӨКМдин расмий маалыматына караганда, 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса