Кыргызстанда күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилди. Бул аталган убактарда электрди колдонуу өсүп, керектөө кескин көбөйүүсүнө байланыштуу көрүлүп жаткан чара экенин "Түндүкэлектро" ишканасы маалымдады.