Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2025
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Өзбекстанда жасалма интеллекти кыянат пайдалангандар жазага тартылат

0

Өзбекстандын парламенти (Олий Мажлис) жасалма интеллект технологиясын кыянат пайдалангандарды жоопко тартууну караган мыйзам долбоорун жактырды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, документте "жасалма интеллект" деген түшүнүк биринчи ирет расмий киргизилип, аны колдонуунун жол-жобосу жазылган.

Мыйзам долбооруна ылайык, эми жасалма интеллектти кыянат пайдаланды деп табылгандар, мисалы жеке маалыматтарды уруксатсыз кайра иштеп же жайылткандарга айып пул салынып, 15 суткага чейин камакка алынат, техникасы конфискацияланат.

Мындан тышкары нейротүйүндүн жардамы менен түзүлгөн контентте атайын маркирлөө болушу керек. Мыйзам адам укугуна таасир эткен чечимдерди кабыл алууга тыюу салат.

Өзбек депутаттарынын пикиринде, жаңы эрежелер технологияны коопсуз өнүктүрүү үчүн укуктук негиз түзөт, санарип сервистерге ишенимди жогорулатат. Документ президентке кол коюуга жиберилди.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса