Ашууларга кар жаагандан улам Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
4-ноябрдын таңына карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу (4-ноябрь саат 07:00дон тарта) жана Ала-Бел (4-ноябрь саат 05:10дон тарта) ашууларында жана Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда (4-ноябрь саат 07:00дон тарта) оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Мекемеден билдиришкендей, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарууда.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-5-ноябрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөрүн эскерткен. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Тоолуу райондорунда кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. (ErN)
