Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2025
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Кыргызстан паспорт жана ID-карталарды толук өзү жасай баштайт

0

Документтерди басып чыгарып жаткан “Учкун” ачык акционердик коомун башкарган Президенттин иш башкармалыгы Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттордун жана ID-карталардын расмий презентациясын өткөрдү.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы документтер мамлекеттик символдордун өзгөрүшүнө, жаңы желекке ылайыкташтырылганын, жаңы коргоо элементтери колдонулуп, жасалма документтерге каршы жогорку коопсуздук деңгээли камсыздалганын билдирди. Ал “жаңы паспортторду жана ID-карталарды эми жасоого же жасалма жолу менен колдонууга мүмкүн эмес” экендигине токтолду.

“Учкун” ишканасы буга чейин Кыргызстан паспорт жана ID-карталарды жарым-жартылай жасап келген болсо, мындан ары толук өзү жасай баштай турганы да маалымдалды.

Кыргызстан өзүнүн жалпы жарандык паспортторун жана ID-карталарын буга чейин башка мамлекеттердин заводдорунда чыгартып келген. 2023-жылдан тарта документтер “Учкун” басмаканасында басылып чыгарыла баштаган.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Кыргызстан жалпы алты чет мамлекеттин паспортторун чыгара баштай турганын билдирген. Анын ичинде Намибиянын паспорттору жасалып, алгачкы партиясы жөнөтүлгөн.

"Учкун" мамлекеттик басмаканасы мурдараак башка мекемелер менен чогуу Президенттин Иш башкармалыгына өткөн. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса