5-ноябрга караган түнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына кар жаап, жолдогу унаа каттамын жайлатып, тыгын пайда болду. Төө-Ашууда жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унаалар жолду жаап калганы боюнча тасмалар интернетке тарады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба арайынын өзгөрүшү боюнча алдын ала эскертүү берген эле.