Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Бишкекте кинорежиссёр жана дипломат Төлөмүш Океевге эстелик орнотулду

0

Бишкекте кыргыз улуттук кинематографиясынын залкар өкүлү, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, көрүнүктүү кинорежиссёр жана коомдук ишмер, дипломат Төлөмүш Океевге эстелик орнотулду. Эстеликтин расмий ачылышы 30-декабрда өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, А.Акматов атындагы коомдук фонддун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият жана искусство өкүлдөрү, режиссёрдун замандаштары, жакындары катышты.

"Төлөмүш Океев кыргыз кино өнөрүнүн тарыхында өчпөс из калтырган улуу инсан. Анын «Бакайдын жайыты», «Көк серек», «Кызыл алма», «Алтын күз», «Кожожаш», «Уркуя» сыяктуу тасмалары кыргыз элинин дүйнөтаанымын, тарыхын жана руханий баалуулуктарын кеңири чагылдырып, улуттук кинонун дүйнөлүк деңгээлде таанылышына өбөлгө түзгөн. Айрыкча «Бакайдын жайыты» тасмасы дүйнөнүн мыкты 100 тасмасынын катарына кирип, кыргыз киносуна эл аралык даңк алып келген. Эстеликтин автору - скульптор Садабек Ажиев, аны куюп жасаган чебер устакер-Иван Дубровин. Белгилей кетсек, эстеликти А.Акматов атындагы коомдук фонд каржылап, орнотту.", - деп билдирди министрлик.

Мекеменин маалыматына караганда, эстеликтин ачылышы улуу режиссёрдун 90 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн маанилүү иш-чаралардын уландысы болуп, анын улуттук маданиятка кошкон зор салымын даңазалоого жана бай чыгармачылык мурасын келечек муундарга жеткирүүгө багытталган.

Эстелик Бишкектин Чүй жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде, мурдагы "Октябрь" кинотеатрынын жанындагы аянтчага орнотулду.

Океев легендарлуу парламенттин (Жогорку Кеңештин 1990-1994-жылдардагы алгачкы чакырылышы) депутаты болгон, 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, 1998-2000-жылдары ТҮРКСОЙ уюмундагы өкүлү болуп иштеген.

Ал 1935-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. 2001-жылы 66 жаш курагында жүрөк оорудан каза тапкан, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.(RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса