Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Болгария 1-январдан тартып еврозонага кошулду

0

Болгария 2026-жылдын 1-январынан тартып Европанын бирдиктүү валюта мейкиндигине – еврозонага кошулду. Бүгүндөн баштап Болгарияда улуттук валютанын ордуна евро иштетиле баштайт.

Муну менен Болгария евромейкиндикке кирген 21-мүчө өлкө болуп калды. Өлкө ага тиешелүү шарттарды аткарып, анын ичинде инфляцияны көзөмөлдөө менен кошула алды.

Болгария Европа биримдигине 2007-жылы кирген, бирок евромейкиндикке 18 жылдан кийин гана кирүүгө мүмкүн болду.

Болгарияда евронун киргизилишине нааразы пикирлер айтылган. Еврого өтүүгө Орусияны жактаган оппозиция каршы чыккан. Ал эми элдин көбү еврозонага кошулуу кымбатчылыкты шартташы мүмкүн деп кооптонушкан.

Еврозонага кирүү Болгарияда саясий кризис курчуп турган учурга дал келди. Декабрдын башындагы нааразылык акцияларынан кийин коалициялык өкмөт отставкага кеткен. Толкундоолорго салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү көтөрүү чечими себеп болгон. Эми өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүшү керек.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса