Бакыт Төрөбаев Майлуу-Суу заводунун маяна маселеси чечилерин айтты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2-январда Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери менен жолугушту. Ал кызматкерлердин соңку үч айдан бери ала албай жаткан маянасы мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилерин белгиледи.
Ошондой эле ал заводдун мындан аркы ишмердиги боюнча маселе каралып жатканын, буга чейин кыскартууга кеткен 550дөй кызматкер азырынча жумушка алынбай турганын тактады.
“Ысытып кызартуучу (лампа накаливания) лампанын (ред: Майлуу-Суу заводунан чыккан лампанын түрү) келечеги жок. 2005-жылы 214 миллион сомдук сатыпсыңар. 2015-жылы 170 миллион, 2020-жылы 74 миллион сомго түшүп жатат. 2025-жылы болсо 27 миллион сом болуп, үч эсе азайды. Бири-бирибизди алдабайлы. Биз президенттен акча сурап, бюджет алалы дагы, башка өндүрүшкө акырындап өтүп кетели. Бул жерден чыккан банка, бөтөлкө сатылат, анткени биз бул боюнча импортту токтотобуз”, - деди Төрөбаев.
Ал азыр рынокто колдонулуп жаткан лампанын түрлөрү да бул жерден чыга баштаса импортко тыюу салынарын кошумчалады.
Төрөбаев кызматкерлердин үч айлык маянасынан сырткары кыскартууга байланыштуу эки айдын пособиеси төлөнөрүн айтып, эки ай ичинде завод жетекчилигине жаңы өндүрүштү ишке киргизүүнү тапшырды.
Ишканадагы кыскартууга 550 кызматкер илинип жатканы белгилүү болду.
Мунун алдында заводдун кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, соңку үч айдан бери маяна ала албай, ишкананын жетекчилиги аларды жумуштан кетүүгө мажбурлап жатканын айтышкан.
Мындан туура үч жыл мурун, 2022-жылдын аягында ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров лампа заводго байланыштуу кеңешме өткөргөн. Анда ишкананы, айнек идиш чыгарууга, айнек эритүүчү мешти оңдоого байланыштуу долбоорлордун бет ачары болуп, тынбай иштетүүнү, сапаттуу буюм-тайым чыгарууну тапшырган. Завод бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар, ошондой эле атамекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиш менен камсыз кылышы зарылдыгын белгилеген.
Өкмөт бул заводго ошондо эле бир миллиард сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлгөнү айтылган.
Ошол жылы Кыргызстанда мамлекеттен каржылануучу дээрлик бардык мекеме-ишканалар жарык берүүчү лампаларды бул заводдон сатып алууга милдеттендирилген. Мындай талап президент Садыр Жапаровдун бул ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жарык-техникалык тармакты өнүктүрүү, Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу тескемесинде жазылган.
Акылбек Жапаров 2022-жылы июнда парламентте лампа заводун өкмөт өзүнө кайтарып алганын маалымдаган.
1967-жылы ачылган завод 1974-жылы 1 миллиард электр лампасын өндүрүүгө жетишкен. Советтер Союзунан кийин иши солгундаган ишкананы 2003-жылы орус ишкерлери 3,6 миллион долларга сатып алышкан, бирок мамлекетке карызы көбөйгөндүктөн 2009-жылы банкрот деп жарыяланган.
Кийин ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун банкроттук иштер боюнча департаментинин карамагына өткөн.
