Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Марат Аманкулов көз жумганы кабарланды

0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Марат Аманкулов көз жумганы кабарланды. Бул тууралуу анын партиялашы Чынасыл Чыныбаев 2-январда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Аманкуловдун сөөгү 2-январда жерге берилет.

55 жаштагы Марат Аманкулов мурда ишкер болуп жүргөн. 2012-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп келип, төрагалыкты да аркалаган. Ушул эле партиядан 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясын жетектеп чыккан. Октябрь окуяларынан натыйжасында өлкөдө бийлик алмашкан соң лидерликти тапшырган.

2021-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аманкуловго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен иш козгоп, ал мамлекетке 50 миллион сом төккөн.

Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Аманкуловду мандатынан ажыраткан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса