Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Швейцарияда 40 адамдын өмүрүн алган өрттөн кийин беш күндүк аза күтүү жарыяланды

0

Швейцарияда Альп тоолорундагы Кран-Монтана лыжа курортунда жайгашкан Le Constellation барындагы өрттөн каза болгондорду эскерүү үчүн беш күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу конфедерациянын президенти Ги Пармелен билдирди.

1-январга караган түнү чыккан өрттүн кесепетинен болжол менен 40 адам каза болуп, 115тен ашуун киши жараткат алды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жабыркагандардын жана курман болгондордун так санын аныктоо үчүн дагы бир нече күн талап кылынышы мүмкүн.

Учурда набыт болгондордун тек-жайын тактоо иштери башталды. Сөөктөрдүн көбү катуу күйүп кеткендиктен аныктоо бир нече күнгө созулушу мүмкүн экенин полиция билдирди. Ал эми жараат алган 100дөн ашык адамдын көбүнүн абалы оор.

Бул окуя Швейцариянын соңку тарыхындагы эң оор трагедия болуп калды. Өрттүн эмнеден тутанганы азырынча так белгисиз. Швейцариянын бийлиги азырынча кырсык деп карап жатат. Жабыркагандардын көпчүлүгү 20–29 жаштагылар.

Вале аймагынын коопсуздук кызматынын жетекчиси Стефан Ганзер курмандыктардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар экенин билдирген. Rhône FM жана Blick басылмаларынын жазышынча, өрттүн чыгышына пиротехника себеп болушу мүмкүн.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт башталганда адамдар паникага түшүп, жертөлөдө жайгашкан түнкү клубдан тар тепкич жана кичинекей эшик аркылуу чыгууга аракет кылышкан. Айрымдары терезелерди сындырып качууга мажбур болгон. Тергөөчүлөр өрт коопсуздугу боюнча протоколдордун сакталган-сакталбаганын текшеришерин билдиришти. Барга бир убакта болжол менен 300 адамга чейин батат.

Кран-Монтана — Альп тоолорунда жайгашкан шаар, ал лыжа сүйүүчүлөрү гана эмес, гольф ышкыбоздорунун арасында да белгилүү.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса