Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

АКШ Израил менен Сирия алакасын бекемдөө жолдору талкууланганын маалымдады

0

Израил менен Сирия соода-сатык, коопсуздук жана атайын кызматтардын ишин биргелешип координациялоо үчүн байланыш түзүүнү макулдашканын 7-январда АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Израилдин жана Сириянын жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн жолугушуусу Франциянын борбору Парижде өттү, ага америкалыктар ортомчулук кылды. Натыйжада эки өлкө ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюуга өбөлгө боло турган платформа түзүү макулдашылды.

Азырынча Израил да, Сирия да бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Былтыр сентябрь айында эки өлкө ортодогу чек ара тилкесинде өз аскерлеринин ишин жөнгө салуучу коопсуздук келишимин түзүү тууралуу сүйлөшүп жатышканын билдиришкен.

Сирия менен Израил 1948-жылдан бери касташкан абалда болуп келишет. Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад 2024-жылы козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, Орусияга качууга аргасыз болгон. Бийликти кулаткан күчтөрдүн башында турган "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун лидери Ахмед аш-Шараа убактылуу президент болуп дайындалган. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса