Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Трамп Гренландия Кытайга же Орусияга өтпөшү үчүн АКШга керек экенин айтты

0

АКШнын президенти Дональд Трамп кайрадан билдирүү жасап, Дания падышалыгынын автоном аймагы болгон Гренландияны көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтты. Трамп анын администрациясы башкаларга жакса-жакпаса дагы “Гренландияны бир нерсе кылуу ниетте экенин” белгиледи.

Ал Гренландияга көзөмөл кылуу Кошмо Штаттарынын улуттук коопсуздугу үчүн маанилүү экенин айтып:

“Эгер биз муну кылбасак Гренландияны Кытай же Орусия өз көзөмөлүнө алат. А биз Кытай же Орусия биздин кошунабыз болушун каалабайбыз”, - деген ал журналисттерге мунай компанияларынын өкүлдөрү менен Ак үйдө жолугушкан учурда.

Дания менен келишимдин негизинде Гренландияда америкалык аскерлер ансыз да бар, бирок Трамп бул жетишсиз экенин белгилеп, максатка жетүү үчүн “жөнөкөй жол” бар экенин, ал болбосо “катаал” варианттар колдонуларын белгиледи.

Мурдараак маалымат каражаттары Ак үйдө Гренландияны өз көзөмөлүнө алуу боюнча бир нече вариант иштелип жатканын жазган.

Буга чейин Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен Гренландия сатылбасын, арал Дания падышалыгынын бир бөлүгү экенин билдирген.

Аралда 57 миң калк жашайт жана ал Даниянын бөлүгү болуп келгени менен гренландиялыктар ички маселелерин өздөрү тескейт.

Гренландиянын лидери, Даниядан көз карандысыздык үчүн күрөштү активдештирген премьер-министр Муте Эгеде да арал сатылбай турганын, эл өз тагдырын өзү чечиши керек экенин бир нече жолу айткан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса