Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Түркияга ишке жайгаштыруу менен алектенген төрт агенттиктин иши токтотулду

0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борбору 12-январь күнү төрт агенттиктин уруксат кагазын убактылуу токтотту. Алар кыргызстандык жарандарды Түркияга ишке жайгаштыруу менен алектенип келген.

Аталган борбордун маалыматына караганда, бул агенттиктер мамлекеттик органдарга туура эмес маалыматтарды беришкени атайын рейд учурунда аныкталган.

Документтерде Түркияда жарандарды ишке кабыл алуучу уюмдар - иш берүүчүлөр же ишке орноштуруучулар менен кызматташтыгы тууралуу так маалыматтар жок болуп чыккан.

Натыйжада төрт: "Голден ворк & тревел", "Айрис Тревел, "Рамай-Саякат" жана "Аска-Трэвел" деп аталган агенттиктердин уруксат кагазы убактылуу жокко чыгарылды.

Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борбору маалымдагандай, мыйзамга ылайык жалган маалыматтарды берүү агенттиктин ишмердигин токтотууга түз негиз болуп бере алат. Аталган борбор мындай чара Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоо жана мыйзамсыз миграция тобокелчилигинин алдын алууга багытталганын кошумчалады.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун маалыматына караганда, былтыр кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылуу боюнча менчик агенттиктер 17 167 жаранды жумушка орноштурган. Алардын 6 597си аялдар.

2025-жылы сыртка миграцияга кеткендердин көбү Улуу Британия, Түркия, Германия, Болгарияны тандаган. Бул өлкөлөргө 17 миң мигранттын 60% кеткен. Борборго кайрылгандардын 1463ү гана Орусияны тандаган. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса