Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Жеке ишкерлер автоунаа алып сатуудан түшкөн киреше салыгынан үч жылга бошотулду

0

Жаңы жылдан тарта "Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, экономиканын айрым тармактарында жана жеке адамдар үчүн салыктык жеңилдиктер иштей баштайт.

Мамлекеттик салык кызматы түшүндүрмө бергендей, тигүү жана текстил өнөр жайлары үчүн киреше салыгынын ставкалары жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлдү.

"1-январдан тартып бул тармактагы ишкерлер бир кызматкер үчүн орточо эмгек акынын 40% негизинде эсептелген 12% камсыздандыруу төгүмүн төлөшөт, бул айына 2115,5 сом. Ошондой эле орточо айлык акыдан 1% киреше салыгы - 440,7 сом төлөнөт. Жалпы төлөм бир кызматкер үчүн 2556,2 сом болот. 2026-жылы орточо айлык эмгек акы 44 070 сомду түзөт", - деп жазылган маалыматта.

Бул өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, салыктык жүктү азайтуу, өндүрүштү өнүктүрүү, ички жана тышкы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, жумуш менен камсыздоону стимулдаштыруу жана тармактын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталганы белгиленген.

Мыйзамдын негизинде жеке ишкерлер автоунаа алып сатуудан түшкөн киреше салыгын төлөөдөн 2029-жылдын 1-январына чейин бошотулду. 2026-жылга чейин автоунаа сатуудан түшкөн киреше салыгын төлөбөгөн жарандарга мунапыс жарыяланды. Алар эми салык, жаза айып жана туум төлөмдөрүн төлөшпөйт. Ал эми жергиликтүү автоунаа өндүрүүчүлөр, тетиктерди чогултуп, комлпект кылуучулар сатуудан алынуучу салыктан толук бошотулду.

Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 31-декабрында кол койгон.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса