Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Илим министрлиги окууну калтырган студенттерден айып пул алууну токтотууга чакырды

0

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларды студенттерден айып пул өндүрүүнү токтотууну сунуштады.

Министрликтин 14-январда тараткан маалыматында сабакты жана өндүрүштүк практиканы калтырганы үчүн студенттерден акчалай айып пул өндүрүү алардын билим алуу укугун чектей турганы жазылган. Ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө негизсиз каржылык жаза колдонууга жатарын белгилеген.

Министрлик окуу жай жетекчилерин андай студенттерге мыйзам чегинде, акчага байланышпаган академиялык мүнөздөгү альтернативдүү чараларды көрүүнү сунуштаган.

"Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишти демилгелемекчи", - деп жазылган билдирүүдө.

Кыргызстандын жогорку жана кесиптик билим берүүчү окуу жайларында сабакты калтырган студенттерден айып пул өндүрүлүп жатканы тууралуу дооматтар соцтармактарда көтөрүлгөн. Ага ылайык, студент сабакты бир жолу калтырганы үчүн миң сом айып пул төлөөгө милдеттүү экени айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да парламенттин 25-декабрдагы отурумунда бул маселени көтөрүп, министрликке көрсөтүлүп жаткан Гүлзат Исаматовадан бул практиканы токтотууга чакырган. Исаматова бул маселени иликтөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлөрүн билдирген. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса