Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Баткенде зомбулукка байланыштуу 63 эркекке коргоо ордери берилген

0

Баткен облусунун аймагында 2025-жылы 860 үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияга кайрылуу түшкөн. Анын ичинен 769 иш милициянын каттоосуна алынган. Бул 2024-жылкы көрсөткүчтөн 264 учурга көп. Былтыр зомбулукка кабылганы айтылган эркектерге 63 коргоо ордери берилген.

Маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Равшан Мансуров "Азаттыкка" билдирди:

"Көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук ажырашуу жана алимент талаштан, бала талашуудан чыгып жатат. Акыркы жылдары алдын алуу чаралары күчөтүлүп, ар бир зомбулук жаап-жашырылып калбасын деген иш-чаралар күчөтүлүп, жарандардын укуктук сабаттуулугу жогорулагандыктан милицияга кайрылуулардын саны ашып жатат. Мурда көпчүлүк учурда мындай окуялар айтылбай, кайрылбай кала берген", - дейт Равшан Мансуров.

Эксперттер көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк зомбулук ажырашуу, алимент, бала жана мүлк талашуудан чыгарын айтып келишет.

Соңку бир аптада Жалал-Абад облусунда шектүү жагдайдагы эки аялдын өлүмү катталды. Коомчулукта эки учур да үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан экени айтылып, милиция териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (JsA/ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса