Орусиядан дагы 34 миңдей кыргызстандык чыгарылышы мүмкүн
Орусиянын көзөмөл реестринде Кыргызстандын 34 786 жараны бар. Былтыр ноябрда бул тизмеде 128 миңдей кыргызстандык жаран бар эле. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-январдагы маалымат жыйынында билдирди.
Министр жоопкерчиликтүү жарандар өздөрүн бул тизмеден текшерип, укуктук макамын мыйзамдаштырууга жетишкенин белгилеп, бул үчүн мигранттарга кошумча убакыт да берилгенин айтты.
"Мамлекет, Тышкы иштер министрлиги зарыл болгон бардык чараларды көрдүк. Бирок бир катар жарандар дагы деле көзөмөл реестринде кала берүүдө. Эми алар депортацияланат. Биз алардын баарын тиешелүү органдарга жетелеп бара албайбыз да. Бирок Орусия тарап миграция саясатын жумшартуусу ыктымал, анткени көптөгөн иш орундар бош калды".
Кулубаев ошол эле учурда миграциядагы кыргызстандыктардын кайтып келиши өлкөнүн өзү үчүн да пайдалуу экенин, көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жумушчу күчү керектигин кошумчалады.
Министрдин маалыматына ылайык, Орусия бийлигинин мигранттардын өлкөдө жүрүүсүнө киргизилген 90/180 режими күчүндө, кыргызстандык мигранттар да өздөрүнүн ал жакта жүрүүсүн бул режимге ыңгайлашы зарыл.
Орусияда 2024-2025-жылдары миграциялык мыйзамдар катаалдаша баштады. Былтыр 5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн “көзөмөлгө алынгандардын” реестри иштей баштаган. Тизмеге илинип калгандардын укуктары кескин чектелет.
ТИМ 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган. (ZKo)
