Токаев расмий нике деп эркек менен аялдын баш кошуусун таанууну мыйзамда бекитүүнү сунуштады
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий нике деп эркек менен аялдын баш кошуусун таанууну мыйзамда бекитүү керектигин билдирди. Бул тууралуу ал 20-январда Улуттук курултайда айтты. Бул тууралуу Tengrinews агенттиги маалымдады.
Токаевдин айтымында, мамлекет «салттуу баалуулуктарды коргоого, бузуку, ачык айтканда адеп-ахлакка жатпаган жүрүм-турумдун пропагандасына каршы турууга тийиш».
Ошол эле маалда казак президенти «адеп-ахлак маселелеринде мамлекеттин расмий позициясына дал келбеген көз караштар үчүн кылмыш жообуна тартууга же моралдык дискриминацияга жеткирбөө зарылдыгын» белгиледи.
Өткөн жылдын декабрында Токаев «педофилияны жана салттуу эмес сексуалдык багытты» пропагандалоого каршы мыйзамга кол койгон.
Казакстандын юстиция министринин орун басары Ботагоз Жакселекова ЛГБТ жамаатына таандык адамдар мыйзам бузду деп саноо жана жоопко тартуу каралбаганын түшүндүргөн.
Ошол эле маалда эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар өзгөрүүлөр ЛГБТга кирген адамдардын укуктарын чектерин айтышат.
