Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

УКМК күрөөгө коюлган мүлк ишине байланыштуу адвокат кармалганын билдирди

0

еУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жарандардын насыя алуу үчүн күрөөгө койгон кыймылсыз мүлктөрүн опузалап алуу фактылары боюнча жүрүп жаткан иштин алкагында адвокат Рустам Исаев кармалганын маалымдады. Ал ломбард иштетүүдө алдамчылык жана ири өлчөмдөгү мүлктү опузалап алуу фактылары боюнча айыпталып, бир нече күн мурун кармалган ишкер Манас Султановдун мыйзамсыз схемаларын ишке ашырууга көмөктөшкөн деп шек саналууда.

Коопсуздук кызматы ломбард иштеткен Манас Султанов аттуу ишкер жеке кызыкчылыгын көздөп, оор каржылык абалдагы жарандардын эсебинен пайда табуу үчүн мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзгөн деген шек менен 14-январда кармалганын кабарлаган.

"Султанов М.А. ага кайрылган жарандарга өтө жогорку пайыздык чендер менен ачыктан-ачык оор шарттарда насыяларды берип, кардарларды көз каранды абалга алып келүү менен, аларды өзүнө алган милдеттенмелерин өз убагында аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан жана аягында кардарларынын насыя алуу үчүн күрөөгө коюлган мүлктөрүн мыйзамсыз түрдө тартып алган. Анын мындай ишмердүүлүгү жабырлануучуларга кысым көрсөтүү, коркутуу жана психологиялык таасир этүү элементтерин колдонуу менен коштолуп, жарандардын өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча кайрылууларына тоскоолдуктар жасалган. Манас Султановго бул мыйзамсыз иш-аракеттерин ишке ашыруу үчүн Рустам Исаев аттуу жаран өзүн анын өнөктөшү жана жактоочусу катары көрсөтүп, бардык мүмкүн болгон жардамды көрсөткөнү аныкталган", - деп билдирди атайын кызмат.

Маалыматта ошондой эле бул эки жаран "Шелковый путь" турак жай комплекси жана "Арз Девелопмент" ишканаларынын жетекчилеринен кыймылсыз мүлктөрдү жана башка баалуу мүлктөрдү опузалап тартып алышканы айтылат. Натыйжада булардын мыйзамсыз схемасынан "Шелковый путь" турак жай комплексинин 89 үлүшчүсү, "Арз Девелопмент" курулуш компаниясынын өкүлдөрү жана башка жарандар жабыркаганы белгиленген.

УКМК учурда Манас Султанов менен Рустам Исаевге Кылмыш жаза кодексинин 41-беренеси ("Кылмышка кошо катышуучу") жана 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Султанов УКМКнын тергөө абагына, Исаев тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Атайын кызмат учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, ишке тиешеси бар башка адамдар аныкталып жатканын билдирди.

19-январь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган кылмыш иши боюнча жабырлануучу деп таанылган жарандар менен жолугушуп, ишти тергөөнү толук өз көзөмөлүнө алганын билдирген. Ташиев ошондой эле коопсуздук кызматкерлерине өлкөдөгү бардык күрөөканалардын ишин, анын ичинде пайыздык чендерин жана насыянын шарттарын текшерүүнү тапшырган.

Кармалгандардын адвокаттары, жакындары комментарий бере элек. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса