Өкмөттүн кодекстерди жылына бир жолу гана өзгөртүү сунушу сынга алынды
Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 20-январдагы жыйынында “Кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мезгилдүүлүк маселелери жөнүндө” мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды.
Документти Министрлер кабинети демилгелеп, Юстиция министрлиги иштеп чыккан. Анда кодекстерге жылына бир жолу гана өзгөртүү киргизүүнү сунушталууда.
Жыйында баяндама жасаган юстиция министри Аяз Баетов аталган актылар өтө көп өзгөрүлгөндөн улам чаташ жаратып жатканын белгиледи:
“Акыркы жылдары кодекстерге тез-тез өзгөртүү киргизүү тенденциясы байкалууда. Бул алардын туруктуулугун төмөндөтүп, жарандар, юридикалык жактар жана инвесторлор үчүн укуктук жөнгө салуунун аныксыздыгын жаратып жатат. Мисалы, 2025-жылы Укук бузуулар жөнүндө кодекске 33 жолу, Жарандык кодекске 13 жолу, Кылмыш-жаза кодексине 13 жолу, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске 13 жолу 12 жолу, атүгүл былтыр ноябрда эле күчүнө кирген Эмгек кодексине 2 жолу өзгөртүү киргизилген. Катар-катар киргизилген өзгөртүүлөр ченемдерди натыйжалуу колдонууга тоскоолдук жаратат жана укуктук туруксуздукка алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу ченемдик-укуктук актылардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү зарылчылыгы келип чыгууда. Ошондуктан сунушталган мыйзам долбоору аркылуу кодекстерге жылына бир жолудан көп эмес өзгөртүү киргизүү сунушталууда”, – деди министр.
Аяз Баетов тактагандай, сунушталган норма Салык кодекси менен Санариптик кодексинде ансыз да бар. Жаңы долбоор аны бардык кодекстерге жайылтмакчы.
Депутат Азамат Исираилов “эгер өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы пайда болуп калса кандай болот?” деп суроо койду, министр Аяз Баетов “эгер өтө зарыл болуп калган учурда президенттин тапшырмасы менен өзгөртүү киргизилсе болорун, болбосо бардык өзгөртүүлөр чогултулуп, баарын бир киргизүү керектигин” билдирди.
Эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиев “бул депутаттардын укуктарын чектей турганын, алар каалаган убакта өзгөртүү киргизе аларын, буга Баш мыйзам жол берерин” кеп кылды. Депутат Сүйүн Өмүрзаков да бул Конституцияга каршы келерин, Жогорку Кеңешти чектей турганын кошумчалады. Баетов бул чектөө эмес экенин, Баш мыйзамга каршы келбей турганын айтты.
Депутат Улукбек Узакбаев мыйзам долбоору боюнча Башкы прокуратуранын позициясын сурады, башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева "муну туура кадам деп эсептей турганын, кээде эмоция менен эле зарыл эмес өзгөртүүлөр кирип калып жатканын, алардын баарын бир кабыл алса боло турганын" белгиледи.
Депутаттардын сунушу менен документти кайра карап, талкуулап чыгуу үчүн мыйзам долбоорун кароо күн тартибинен алынып салынды.
Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда ченемдик укуктук актылардын бир нече түрү бар. Алар Конституция (Баш мыйзам), конституциялык мыйзам, мыйзам, кодекс, жарлык, токтом жана башка. Мунун ичинде кодекс бир багыттагы коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укук ченем болуп саналат.
Кыргызстанда учурда 18 кодекс бар. Анын ичинде Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси, Бузуулар кодекси, Салык кодекси, Эмгек кодекси, Жер кодекси, Суу кодекси, Жарандык кодекс, Бюджеттик кодекс жана башкалар бар. (ErN)
