Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкекте жана Чүйдө 14 мектеп курулат

0

Бишкекте жана Чүйдө 14 жаңы мектеп курулат. Бул мектептердин курулушу Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Маалыматты курулуш, жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Имаканакун уулу 22-январда Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын сөзүнө караганда Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунда 1000, Биримдик Кут жаңы конушунда 750, Алтын Ордо - 750, Новопавлока айылында -750, Орто-Сай айылында 750, Улан кичирайонунда 750, Келечек жаңы конушунда 360, Маевка айылында 275 орундуу мектеп курулат. Булардан тышкары №26, №38, №63 жана №83 мектептерге кошумча корпустар тургузулат.

Ал эми Чүй облусундагы Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда бирден мектеп курулат.

Мектептердин курулушу быйыл башталып, 2029-жылы аякташы керек.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында кийинки жылы өкмөт Бишкек шаарында 20 мектеп курарын билдирген.

Соңку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса