Араб эмирлигинде Өзбекстандын сегиз жараны өмүр бою эркиндигинен ажыратылды
Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) соту Дубай шаарындагы жапырт мушташка байланыштуу Өзбекстандын сегиз жаранын өмүр бою эркинен ажыратты. Дагы бир жаран 25 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Ахрор Бурханов билдирди.
Анын айтымында, учурда Өзбекстандын тиешелүү мекемелери жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү ар тараптуу иликтөө жана өлкө жарандарынын укуктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат.
Окуя 2025-жылдын апрель айында Дубайдагы май куюучу жайлардын биринде болгон. Ал жерде Өзбекстандын жарандары катышкан жапырт мушташ катталган.
БАЭнин тартип коргоо органдарынын маалыматына ылайык, жаңжалдын кесепетинен эки өзбекстандык жаран каза тапкан. Алардын бири бычактан алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болсо, экинчиси оор абалда комага түшүп, кийин ооруканада көз жумган.
Кийинчерээк Дубайдын прокуратурасы жаңжал мурда тааныш болгон эки топтун ортосунда, алдын ала маалыматтар боюнча, узак убакытка созулган жеке чыр-чатактан улам болгонун тактаган. Окуяга катышкан бардык адамдар видеокөзөмөл камераларынын жазуулары жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталып, башка эмираттагы мейманканалардын биринен кармалган. Ишти прокуратура териштирип, тергеген.
Өткөн жылдын 25-апрелинде Өзбекстандын дипломаттары Дубайдын Кылмыш иликтөө департаментинин жетекчилиги менен жолугушканда бул иш боюнча 15 өзбекстандык жаран кармалып, тергөө жүрүп жатканы маалымдалган.
Мындан тышкары, БАЭ бийлиги чет өлкөлөрдө Өзбекстандын жарандары катышкан укук бузуулардын көбөйүшү эки өлкө ортосундагы визасыз режимге терс таасир тийгизиши мүмкүн экенин эскерткен.
"Азаттык Азия" буга чейин 2024-жылы ноябрда Дубайда израилдик раввин өлтүрүлгөн соң Абу-Даби бийлиги Өзбекстандын көптөгөн эркек жарандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салып, кайтарып жатканын жазган. 2025-жылы марттын аягында аталган раввиндин өлүмү боюнча күнөөлүү деп табылган үч өзбекстандык жаран БАЭ сотунун өкүмү менен өлүм жазасына соттолгон.
