Экс-депутат Нооманжан Аркабаев дүйнө салды
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нооманжан Аркабаев узакка созулган оорудан улам 25-январда 67 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары билдирип, сөөгү кичи мекени Баткен облусунда жерге берилерин кабарлашты.
Нооманжан Аркабаев 1959-жылы Баткен облусунда төрөлгөн. 2006-жылы Кадамжай округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2007 жана 2021-жылдары да парламентке талапкерлигин коюп, өтпөй калган.
Соңку жылдары адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип, президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөсү болуп иштеп жаткан. (BTo)
