Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Министрлик Кыргызстанда Нипах вирусун жуктургандар катталбаганын билдирди

0

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда Нипах вирусун жуктуруп алган адамдар жок, “эпидемиологиялык абал туруктуу” экенин билдирди.

Нипах вирусу оор респиратордук ооруларды жана мээнин сезгенишин (энцефалит) жаратышы мүмкүн. Вирустун негизги табигый булагы - жарганаттар (канаттуу жарганаттар). Ал инфекциясы бар жаныбарлар менен жана инфекция жуккан адам менен байланышта болгондо жугат.

Оорунун инкубациялык мезгили бир нече күндөн эки жумага чейин созулушу мүмкүн. Негизги белгилерине дене таптын жогорулашы, баш оору, жөтөл, дем алуунун кыйындашы, алсыздык кирет.

Министрлик инфекциянын өлкөгө киришин алдын алуу үчүн Кыргызстандын чек арасында санитардык-карантиндик көзөмөл чаралары күчөтүлгөнүн кошумчалады. Өлкөгө кирген адамдар, автоунаалар текшерилип жатат. Медициналык уюмдарга ооруну эрте аныктоо, эпидемияга каршы чараларды уюштуруу боюнча нускама берилди.

Нипах вирусунан коргонуу үчүн адамдарга жеке гигиена эрежелерин сактоо, жапайы жаныбарлардан алыс болуу, чийки азык-түлүк колдонбоо, оорунун белгилери байкалса дароо ооруканага кайрылуу сунушталды.

Индияда адамдардан Нипах вирусу аныкталып, дээрлик 100 киши карантинге алынган. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса