Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Президент ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүүнү сунуштады

0

Президент Садыр Жапаровдун ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштаган жарлыгы коомдук талкууга коюлду.

Жарлыкта "ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген" жана "экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн" көйгөйлөр сакталып жатканы жазылган.

Президент ишкер коомчулугу укук коргоо органдарынан тартып, салык жана башка көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүсүнөн тышкары жергиликтүү бийлик, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ашыкча текшерүүлөрүнө кабылып жатканын белгилеп, бийликтер ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен фактыларды маанилүү көйгөй деп атаган. Мамлекет башчы мындай мамилеге даттанган ишкерлер көп кайрылып жатышканын, негизсиз, бири-бирин кайталаган же мыйзамсыз текшерүүлөр жана рейддер болгон учурлар кездешерин белгилеген.

Садыр Жапаров ушундан улам бизнеске мамлекеттик органдардын ашыкча жана негизсиз кийлигишүүсүн жоюу үчүн быйыл 31-декабрга чейин бизнести текшерүүгө мораторий киргизүүнү токтом кылды.

Токтомго ылайык, мораторий убагында төмөнкү учурлар боюнча гана текшерүү жүргүзүүгө уруксат берилет:

- кылмыш жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;

- ишкердик субъекттери арызданса;

- башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суроо-талаптары боюнча;

- жеке жана юридикалык тараптардын кайрылса;

- ишкердик субъекти мыйзам бузганы жөнүндө так маалыматтарды камтыган жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан материалдар боюнча;

- мыйзам бузулганы тууралуу так фактылар болгон учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча;

- бажы жана салык кызматтарынын тийиштүү көзөмөл жүргүзүүсүнө.

Мораторий учурунда мамлекеттик көзөмөл органдары мыйзамдарды сактоого, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттендирилген. Андан тышкары мыйзамсыз иштерди табууга жана болтурбоого багытталган консультация берүүсү тийиш. Ал эми ишкерлер аларга маалыматтарды, документтерди же түшүндүрмө берип, мониторинг жана консультацияларды жүргүзүүсүнө көмөктөшүүгө милдеттүү.
Президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын ашыкча текшерүүгө айыптаган. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса