Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026

Кыргызстанда 1 миллионго жакын бала жакырчылыкта жашайт

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 1-январга карата Кыргызстандын калкынын саны болжол менен 7 млн 300 миң деп эсептелсе, анын ичинен 1 млн 800 миңдейи 18 жашка чейинкилер экенин айтты.

Бул тууралуу ал 30-январда Жогорку Кеңештин “Элдик” жана “Ала-Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында айтып, өлкөдө жакырчылык 2020-жылдагы COVID-19 учурунда жогорулап 30% чейин жеткенин билдирди.

“Жылына киши башына кирешеси 65 миң 417 сомдон төмөн болсо жакыр деп эсептелет. Өткөн жылдын ортосуна карата бул көрсөткүч 25,7% түзгөн. Жакырчылык тез өсүп, бирок жылына ашып кетсе 2% төмөндөйт экен. Ошол эле учурда 16 жашка чейинки балдар арасында жакырчылыктын деңгээли 33%. Балалуу үй-бүлөлөрдүн арасында жакырчылык өтө жогору. 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн жашайт деген өтө жаман көрсөткүч”, - деди ал.

Эдил Байсалов бийликтин алдыдагы беш жылдын ичинде жакырчылыкты 15-20% чейин түшүрүү планы бар экенин айтты.

Ал социалдык жактан аярлуу топторду жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында ай сайын 300 миңдей адам жөлөк пул, балага сүйүнчү, үй-бүлөгө көмөк сыяктуу социалдык төлөмдөрдү аларын кошумчалады. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса