Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026

"Өкүмү жокко чыгарылууга, өзү дароо коё берилүүгө тийиш”. Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотто каралганы турат

0

Жаңы жагдайлар боюнча кайра карооКыргызстан бул күндөрү өлкөнүн демократия жана адам укуктары, сөз эркиндиги жаатындагы милдеттенмелерин аткаруусуна көз салган абройлуу эл аралык институттардын, уюмдардын көңүл борборунда болууда. Кармалышы да, камакка алынып, эркиндигинен ажыратылышы бир топ суроо жана нааразылык жараткан журналист Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотто каралганы жатат.

Көз каранды эмес иликтөө менен алектенген Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси, эки жылдан ашуун убактан бери камакта жаткан Тажибек кызынын ишин кароо боюнча отурум Жогорку сотто 2-февралга белгиленгенин укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк ал топ кыргыз бийлигине бир нече кишини, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.

БУУ тобунун чечимине байланыштуу Махабат Тажибек кызынын адвокаты анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жана толук жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

34 жаштагы журналист сотто чегерилген алты жылдык жаза мөөнөтүн Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар абагында өтөп жатат.

“Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялаганда Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга турганы жазылган. Уюм бул баяндамасында Temirov LIVE жана "Айт, айт десе" долбоорлорунун кызматкерлерине каршы козголгон кылмыш иштерине да көңүл бурган.

"Өкүм жокко чыгарылууга тийиш”Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму, Журналисттерди коргоо комитети жана дагы жети эл аралык уюм Кыргызстандын Жогорку соту Тажибек кызынын ишин караганы жатканын билдирип, журналистти бошотууга жана ага тагылган айыпты алып салууга үндөштү.

AI уюмунун 30-январда таратылган "Кыргызстандын бийлиги журналист Махабат Тажибек кызын бошотуп, анын мыйзамсыз өкүмүн жокко чыгарышы керек" деген билдирүүсүн жарыялады.

Анда уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс буларды белгиледи:

“Кыргызстандын бийлиги алдында так жана качып кутулгус тандоо турат: же адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарат же аларды көз жаздымда калтыра берет... Махабат Тажибек кызынын өкүмү жокко чыгарылууга, ал дароо кое берилүүгө жана укуктары бузулганы үчүн кенемте алууга тийиш”.

Стразерс Махабат Тажибек кызынын камакта кала бериши "Кыргызстанда өз оюн эркин билдиргендерге адам укуктарын бузууну жана коррупцияны чагылдыруунун куну өз эркиндигиң болушу мүмкүн деген ишарат кыларын" кошумчалады.

30-январда эл аралык абройлуу укук коргоочу жана басма сөз эркиндигин жактаган башка да уюмдар билдирүү жарыялап, журналистти боштондукка чыгарууга чакырды.

“Журналисттерди коргоо комитети”, “Чек арасыз кабарчылар”, “Эл аралык пресса институту”, “Норвегия Хелсинки комитети”, “Евразия эркиндиги”, “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк”, “Араминта” жана “Жарандык укуктарды коргоо уюму” жарыялаган биргелешкен билдирүүдө алар башынан эле журналисттин кармалышын негизсиз, аткаминерлер арасындагы паракорлукту иликтегени үчүн "өч алуу" деп баалашары белгиленди:

"Бийлик маалымат каражаттарына чыккан материалдарда тополоңго чакырык жасалганын аныктай алган эмес, макалалар башаламандыкка “алып келиши мүмкүн эле” деп билдирген. Клунинин TrialWatch демилгеси Тажибек кызынын жана кесиптештеринин адилет соттук териштирүүгө болгон укуктары одоно бузулганын аныктады".

Жогорудагы уюмдардын пикиринде, президент Садыр Жапаров баш болгон Кыргызстандын жогорку бийлиги өкүм чыккыча эле журналисттерди "айыптуу" деп атаганы күнөөсүздүк презумпция принцибин бузган.

Укук коргоо уюмдарынын билдирүүсүндө Тажибек кызы менен Temirov LIVE долбоорунун негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун 13 жаштагы уулу Азат Темировго байланыштуу да камтама айтылды.

"Жашы жете элек баланы башка бирөөлөргө камкордукка берүү көз карандысыз журналисттерге басым көрсөтүүнүн жийиркеничтүү инструменти болуп эсептелет. Кыргыз бийлиги аны алдын алууга тийиш", - деп белгиледи медиа уюмдар.

Буга чейин Темиров абактагы жубайына уулун "балдар үйүнө өткөрүп саларын" айтып коркутушканын маалымдаган.

2024-жылдын аягында Тажибек кызына өкүм чыгарып жатканда сот баланы камкордукка алуу маселесин чечүүнү социалдык өнүктүрүү мекемесине тапшырган. Ал жараян соңуна чыга элек. Азат Темиров ушу тапта таенеси менен турат.

"Сөз эркиндиги да, демократия да бар"Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана демократия өкүм сүрүп жатат деген пикирин кайрадан кайталады. "Кабар" маалымат агенттигине 29-январда курган кыска маегинде ал жарандар тигил же бул маселе боюнча ойлорун ээн-эркин эле билдирип, бийликке ачык эле сын айтып жатканын айтты. Ошол эле учурда ал сөз эркиндиги биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбоону эскертти:

"Сөз эркиндиги да, демократия да бар. Мурда сөз эркиндиги кандай болсо азыр деле андан кем калбайт. Социалдык тармактагы баракчаларындабы, жалпыга маалымдоо каражаттарында болобу жарандарыбыз каалаганын каалагандай эле айтып жатат. Аларды “кой-ай” деген эч ким жок. Тигил же бул маселеге карата өз ойлорун ээн-эркин эле билдирип жатышат. Аны баары эле көрүп, окуп, бөлүшүп, зарыл дегендер чагылдырып эле жатпайбы. Азыр муну окугандар “айрымдарды укук коргоо органдары кармап кетип жатпайбы, адам укуктары бузулуп жатпайбы” деши мүмкүн. Сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбасак. Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алышып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар. Аларды башынан сылап отуруш керекпи? Адамды камап коюш оюнчук эмес. Органдар соттун санкциясы менен атайын иш-чараларды жүргүзөт. Аудио, видео далилдерди чогултушат”.

Президент блогерлер да, журналисттер да өз ишин эркин алып бара аларын айтып, алардын жоопкерчилигин эске салды. Бийликке нааразылык билдирем дегендерге Бишкекте Максим Горький сейил багына барууну сунуштады.

Бишкектеги борбордук аянтта, административдик имараттардын, элчиликтердин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынганына төрт жылга чамалады. Сот соңку ирет былтыр 31-декабрда чектөөнүн мөөнөтүн мартка чейин узарткан.

Иштин таржымалыTemirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, алар менен мурда-кийин кызматташкан деген 11 журналист жана активистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 18-декабрында бул өкүмдү ырастаган чечимин чыгарган. Жогорку сот аны 2025-жылдын 25-февралында күчүндө калтырган. Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.

Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 28-сентябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеген жана бул ишке байланыштуу комментарий берген.

"Алардын экөө гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп, социалдык түйүндөргө отургузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат", - деген Жапаров.

ИИМ шектүүлөр алгач кармалганда алардын үйүндө, кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн, социалдык түйүндөрдөгү Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” баракчаларында жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материалдар чыкканын жүйө келтирген. Ал материалдарды ИИМдин Тергөө кызматы кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттап, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган, жыйынтыгында башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.

Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен кылмыш иши козголгон.

Temirov LIVE долбоорунун негиздөөчүсү Болот Темиров 2024-жылы “Азаттыкка” маек куруп, бийликтеги ким болбосун, алардын "ишине карап баалап, туура эмес иштерди кылып жатса, анын бардыгын иликтеп, коомчулукка көрсөтүп жүрөбүз" деп айткан. Соттук териштирүүлөрдү ал:

"Биздин иликтөөлөргө алардын жообу. Жооп дагы кылбай, эптеп оозубузду басканга аракет кылып жатышат", - деп атап, сындаган.

2022-жылы ноябрда Темиров Бишкектин Свердлов райондук соту аны маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өттү деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап чыгарылган.

2025-жылы 27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту KLOOP, Temirov LIVE жана "Айт, айт десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган. Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген.

Аталган медиалар бийликтеги коррупцияны, мыйзамсыз иштерди ашкерелеген, ачык айтканы үчүн куугунтукка кабылганын билдирип келишет.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса