Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Казакстан: Өскемендеги экологиялык абалдан улам мектептер онлайн окууга өттү

0

2-февралда Чыгыш Казакстан облусунун борбору Өскемен шаарында абанын булганышына байланыштуу бардык мектептер толугу менен аралыктан окутуу форматына өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук билим берүү башкармалыгы билдирди.

"Өскемен шаарында экинчи деңгээлдеги жагымсыз метеорологиялык шарт сакталып жаткандыгына байланыштуу бардык мектептердин 0–11-класстарынын окуучулары (биринчи жана экинчи нөөмөт) аралыктан окутууга которулат, — деп маалымдады билим берүү башкармалыгы.

Өскеменде мектеп окуучулары буга чейин да, 30-январда абанын булганышынан улам аралыктан окууга мажбур болушкан.

Облус жетекчилиги тараткан маалыматка караганда, Өскемен шаарында бир жумага жакын убакыттан бери шамал болбой, калааны өндүрүш ишканаларынын жана автотранспорттун түтүнү каптаган. Ушуга байланыштуу Чыгыш Казакстан облусунун экология департаменти шаарда жагымсыз метеорологиялык абал түзүлгөнүн жарыялады. Шаар тургундары социалдык тармактарда “короого чыгуу мүмкүн эмес” деп жазып, видеолорду жарыялоодо.

Облустун борборунда жылына болжол менен 100 күн шамалдын ылдамдыгы секундуна 1 метрден аз болот. Мындай шартта абадагы зыян заттар ылдый түшүп, тарабай калат. Экология департаменти мындай учурларда сыртта узак убакыт жүрбөөгө, ачык асман алдында массалык иш-чараларды өткөрбөөгө жана үйлөрдүн терезелерин ачпоого чакырат.

Тургундар дем алуу органдарынын ооруларына көп даттанышат. Бирок экологияга байланыштуу колдонулган “дем алуу жолдорунун химиялык күйүгү” деген диагноз 2006-жылы оорулардын классификаторунан алынып салынган. Бул атайын диагноз 2023-жылы Коррупцияга каршы агенттиктин демилгеси менен тизмеге кайра киргизилген. Агенттик диагноз жок болгон мезгилде жарандарды дарылоодо көптөгөн көйгөйлөр жаралып, шаарда абанын сапаты жакшы деген жалган түшүнүк калыптанганын билдирген.

Өскемен шаарында 400 миңге жакын адам жашайт. “Казгидромет” мекемесинин маалыматына ылайык, Өскемен өлкөдөгү абасы эң булганган беш шаардын катарына кирет. Бул жерде уран, алтын жана титан өндүргөн ири металлургиялык заводдор иштейт. Өндүрүш калдыктары абага көп бөлүнүп, экологдор коңгуроо каккан учурлар тез-тез кайталанат. 2025-жылдын октябрь айында Өскеменде түтүн жана туманга байланыштуу авиакаттамдар белгиленген убакыттан 3 сааттан 17 саатка чейин кечиккен.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса