Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Ливияда Муаммар Каддафинин уулу Саиф Каддафи киши колдуу болду

0

Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин уулу Саиф Каддафи өлтүрүлгөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары, араб телеканалдары кабарлашты. AFP агенттиги маалыматты Каддафинин туугандарына жана кеңешчисине шилтеме кылып жазды.

Саудиялык Al Hadath телеканалы маалымдагандай, 53 жаштагы Саиф Каддафини Ливиянын батыш тарабындагы Зинтан шаарынан алыс эмес жерде, өзүнүн багынан атып кетишкен.

Саиф Каддафи – Ливияны 1979-жылдан 2011-жылга чейин башкарган Муаммар Каддафинин экинчи уулу. Саиф мамлекеттик расмий кызматтарда иштеген эмес, бирок 2011-жылы режим кулаганга чейин тышкы саясий жана ички маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектеп турган.

Муаммар Каддафинин режими кулагандан кийин Саиф кармалып, тынч элге каршы кылмышка айыпталып, өлүм жазасына тартылган. 2017-жылы ал бошотулганы маалым болгон. 2021-жылы Саиф Каддафи Ливиянын президенттигине ат салышарын жарыялаган, бирок шайлоо жылып кеткен.

Ливия 2011-жылдан бери жарандык согуш жана саясий туруксуз кырдаалда турат. Өлкө бийлигин бир нече топ бөлүп алган: борбор калаа Триполи кошулган батыш тарабы БУУнун колдоосундагы Улуттук биримдик өкмөтүнүн көзөмөлүндө, чыгыш тарапты Халифа Хафтар баштаган Ливиянын улуттук армиясы көзөмөлдөйт.

АКШ, Түркия жана башка өлкөлөр Орусияны Ливия жаңжалына кийлигишкени, өзгөчө ага "Вагнер" жеке аскердик компаниясын колдонгону үчүн айыптап келишет.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса