Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Депутат Өмүрзаков батирдин ижара акысына байланышкан маселени көтөрдү

0

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков 5-февралдагы “өкмөттүк саат” учурунда Кыргызстанда батирлердин ижара акысы өтө кымбат болуп жатканын айтып чыгып, маселени чечүү жолдорун сурады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өкмөт бул маселени Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында чечүүнү көздөп жатканын билдирди.

“Ошонун алкагында үйлөрдү куруп, аны жаранга убактылуу ижарага берип, белгилүү бир убакыттан кийин мүлктү анын менчигине өткөрүп берүү боюнча механизмдер бар. Бул боюнча келишимди ратификациялаганда парламентте да талкууланган. Сиз айткан маселе ижара аркылуу жеңилдетилген шартта жарандардын үйлүү болууга жана батирди ижарага алууга да мүмкүнчүлүгү болот. Азыр Ислам фонду менен 200 миллион доллардын алкагында сүйлөштүк”, - деди Амангелдиев.

Кыргызстанда соңку 3-4 жылдан бери кыймылсыз мүлктүн жана батирдин ижара баасы токтоосуз өсүп келе жатат. Башкалаа Бишкекте былтыр бир жылда 25-30% чейин өскөнү байкалган. Былтыр сентябрда Numbeo ресурсу Бишкекти жашоого кымбат шаарлардын катарына киргизген. Азыр шарты бар бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы орточо 40-50 миң сомдун тегерегинде.

Президент Садыр Жапаров жыл жаңыргандан кийин "Кабар" агенттигине курган маегинде 2026-жылы республика боюнча 20021 батирди пайдаланууга берүү көздөлүп жатканын, былтыркы жылы Кыргызстанда 4662, 2024-жылы 1 197 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгонун айткан.

МИКтин сайтындагы маалыматка караганда жалпы 13 миң үй-бүлө батир алган, кезекте тургандардын саны 73 миңден ашкан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса