Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Куудул Нурлан Сабуровго Орусияга кирүүгө 50 жылга тыюу салынды

0

Куудул Нурлан Сабуровго Орусияга кирүүгө 50 жылга тыюу салынды. Бул тууралуу РБК басылмасы укук коргоо органдарындагы булагына таянып 6-февралда билдирди. Тиешелүү чечим 30-январда кабыл алынган.

РИА Новости агенттиги өз булагына таянып жазгандай, чечим "улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында, мыйзамдарды сактоо жана салттуу руханий адеп-ахлактык баалуулуктарды коргоо максатында" кабыл алынган.

Ал эми ТАСС агенттигинин булагынын айтуусуна караганда, бул чечимге Сабуровдун согушту сындаганы, ошондой эле миграциялык жана салык мыйзамдарын бузганы негиз болгон.

Shot маалымдагандай, 34 жаштагы комик 6-февралга караган түнү Fly Dubai компаниясына караштуу каттам менен Москвага учуп барган. Паспортун текшергенде Сабуровду өзүнчө бөлмөгө алып кетишип, Орусияга кирүүгө тыюу салынганы тууралуу документти тапшырышкан.

Mash басылмасынын жазышынча, учурда ал Внуково аэропортунда депортацияны күтүп жаткан адамдар үчүн каралган аймакта турат.

РЕН ТВ өз булагына таянып Сабуровдун 2024-жылы концерттик жана башка ишмердүүлүктөн тапкан кирешеси кеминде 50 миллион рублди түзгөнүн кабарлады.

Ошол эле учурда ал "айрым миграциялык жана салык талаптарын эске алган эмес" деп айтылат. Мындан тышкары, куудулдун Орусияда жалпы баасы кеминде 60 миллион рубль болгон кыймылсыз мүлкү жана башка активдери бар экени кабарланууда.

Нурлан Сабуров Казакстандын жараны. 2025-жылдын май айында ал Шереметьево аэропортунда кармалып, миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн айыпка жыгылган. Андан кийин ал Орусиядан чыгып кеткен.

"Осторожно, новости" басылмасынын маалыматына караганда, өткөн жылдын ноябрь айында "Сорок сороков" кыймылынын активисттери Сабуровго каршы Тергөө комитетине арыз жазышкан.

Буга анын «Что было дальше?» телешоусунда айткан Иса Машаяк тууралуу тамашасы себеп болгон.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса