Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кудрет Тайчабаровдун камактагы мөөнөтү узартылды

0

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаровдун камактагы мөөнөтүн узартып, 2-мартка чейин тергөө абагында калтырды. Мындай чечимди райондук сот 4-февралда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2025-жылдын ноябрь айында Кудрет Тайчабаровду уюшкан кылмыштуу топтор жана мүчөлөрү менен байланышта болгон деген негизде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылган. Адам бул берене менен күнөөлүү деп табылса мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ал ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Кудрет Тайчабаров былтыр Жогорку Кеңешке шайлоодо №19 шайлоо округунан талапкер болуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган. Боршайком 6-ноябрдагы отурумунда “Кудрет Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деген негиз менен талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Мунун алдында социалдык тармактарда анын 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Кудрет Тайчабаров БШКнын отурумунда сүрөттө чындап эле өзү экенин жана ал 2021-жылы тартылганын айткан. Ал “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы маселени чечүү үчүн Камчы Көлбаевден жардам сурап барганын жана бул “ишкерлердин кызыкчылыгы” үчүн болгонун билдирген.

Бир катар гезиттерде журналист болуп иштеген Тайчабаров 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору болгон, кийин Туризмди өнүктүрүү фондун жетектеген. Ал соңку маалда социалдык тармактарда бийликтин дарегине сын-пикирлерин да жазып калчу. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса