Президент Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алды. Буга эмне себеп болду? Азырынча Ташиев өзү комментарий бере элек. Ал арада юрист Таттуубүбү Эргешбаева президенттин мөөнөтү боюнча Конституциялык сотко кайрылганы белгилүү болду. Израил Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги оккупацияланган жерлерге конуштарды кеңейтүүнү чечимин жактырды.