Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды
Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Жапаров жолдогон сунуштамада коомдук-саясий жана эксперттик чөйрөдө президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн жана кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо боюнча талкуулар башталганын себеп катары көрсөткөн. Буга байланыштуу президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Баш мыйзамдын жоболорун чечмелөөнү суранган. Бул маселени Конституциялык сот 17-февралда карары белгилүү болду.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө үндөгөн. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле катка кол коюуга макул болушканын айтышкан.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.
Талаштуу кайрылууга байланыштуу Талгарбеков баш болгон бир нече мурдагы жетекчилер кармалганы белгилүү болду.
