Садыр Жапаров Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы менен "Камбар-Ата - 1" долбоорун талкуулады
Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы “Камбар-Ата – 1” ГЭСин жана “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун колдоого кызыкдарлыгын билдирип, бул багытта мүмкүнчүлүктөрдү кароого даяр экенин айтты.
Бул тууралуу банктын президенти Цзоу Цзяи 12-февралда Бишкекте президент Садыр Жапаров кабыл алган учурда билдирди.
Президенттин администрациясы билдиргендей, Цзяи “Камбар-Ата – 1” долбоорунун өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо мааниси чоң экенин белгиледи. Ал банк Кыргызстанды стратегиялык өнөктөшү катары карай турганын айтты.
Президент Жапаров жолугушууда наркы жогору тармактарды өнүктүрүү, кайра иштетүүнү кеңейтүү, өнөр жайды модернизациялоо багытында да банкты активдүү кызматташууга чакырды.
Кыргызстанда транспорттук инфратүзүмдү жана логистиканы өнүктүрүү менен өлкөнү аймактык хабга айландыруу максатын айтты.
Садыр Жапаров өлкөнүн артыкчылыктуу долбоорлору боюнча Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкын кызматташууну кеңейтүүгө чакырды. Цзоу Цзяи ишке ашырылып жаткан долбоорлорду колдоону улантууга жана башка демилгелер боюнча кызматташууга даяр экенин тактады.
“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.
ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын аягында расмий башталган. Бишкекте “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.
