“Дөөлөт курулуш” компаниясынын эки объектиси мамлекетке өттү
“Дөөлөт курулуш” компаниясынын “Кудайберген” жана “Шопоков” объектилери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине өткөрүлдү.
Министрлик компания салып жаткан турак жай комплекстери төрт жылдан бери бүтпөй, жарандар ушул күнгө чейин батирлерин ала албай бийликке бир нече жолу кайрылганын билдирди. Ишкана үлүшчүлөр төлөгөн каражатты натыйжалуу пайдаланбай, курулуш иштери токтоп калганы айтылды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кудайберген” жана “Шопоков” объектилери эки жылдын ичинде толук курулуп бүтөрүн айтты. Ал үлүшчүлөр менен түзүлгөн келишим кайра каралып чыгып, төлөмдөр жаңы бекитилген график менен жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Буга чейин маалым болгондой, 2023-жылы Шопоков шаарынын мэриясы компанияга 8 гектардан ашык жер тилкесин берип, анын акысына курулуш ишканасынан 140 батир алмак. Компания жалпы 2296 квартира салышы керек болгон. Курулуш иштери 2024-жылы башталган, жумуш ошондон бери бүтпөй келет.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин кызматкерлери үлүшчүлөрдүн даттануусу менен 2025-жылдын август айында “Дөөлөт” компаниясынын “Кудайберген” жана “Шопоков” объектилерин текшерип, эскертүү берген. Компания анда бир ай убакыт сурап, курулуштарды кайрадан улантарын убада кылган.
Мурдараак “KG групп”, “Көчмөн Сити” сыяктуу курулуш компаниялары салып жаткан объектилер да үзгүлтүккө учурап, анда жүздөгөн үлүшчүлөр жабыркаган. Алардын да курулуш объекттери мамлекетке алынып, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуш иштери улантылып жатат. (BTo)
