Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кыргызстанда эл аралык Китеп белек кылуу күнү белгиленип жатат

0

14-февралда Кыргызстанда Китеп белек кылуу күнү кеңири белгиленип жатат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул демилге китепке болгон кызыгууну арттырууга жана коомдун руханий баалуулуктарын бекемдөөгө багытталганын белгиледи.

Министрлик кабарлагандай, бул күнү миңден ашуун китепканада “Book Swap” акциясы, квест оюндар жана “Китеп — эң баалуу белек” аттуу иш-чаралар уюштурулууда. Окурмандар ага китеп алмашуу аркылуу активдүү катышып жатышат.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада жана Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, окурмандар үчүн атайын программа тартууланууда.

Маалыматта ошондой эле Мамлекеттик китеп палатасы аймактык китепканаларга жаңы китептерди таратып, фонддорду жаңылоого салым кошуп жатканы белгиленди.
Белекке китеп тартуулоонун эл аралык күнү Кыргызстанда акыркы бир нече жылдан бери белгиленип келе жатат. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса