Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кышкы Олимпиада: кыргызстандык Шакиров тоо лыжасынан 62-орунду алды

0

Италияда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык Тимур Шакиров тоо лыжасынын гигант слалом түрү боюнча жарышта 62-орунду ээледи.

Спорттун бул түрү боюнча 81 спортчу 14-февралда жарышты.

Шакиров биринчи аракетте белгиленген аралыкты 1 мүнөт 29,52 секундда тээп өтүп, 67-орунду ээлеген. Экинчи аракетти 1 мүнөт 22,5 секунд менен жыйынтыктап, 63-катарга турган. Жалпы жыйынтыкта ал 62-орунду ээледи.

Эми Шакиров 16-февралда слалом боюнча жарышка чыгат.

Италиядагы Кышкы Олимпиада оюндарына быйыл Кыргызстандан эки спортчу катышууда. Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда чыгып, 94 лыжачынын ичинен 94-орунду алган. Ал эми 13-февралда эркин стилдеги жарышта он чакырымдык аралыкка 113-спортчунун ичинен 103-орунда келди.

Тимур Шакиров кышкы спорттун түрлөрү боюнча Караколдогу спорт мектебинин тарбиялануучусу. Жаштар арасындагы Кышкы Олимпиаданын катышуучусу жана бир нече категорияда жана жаш куракта Кыргызстандын чемпиону. Анын машыктыруучусу Игорь Борисов.

Артур Сапарбеков Кышкы Азия оюндарына жана Дүйнө чемпионаттарына да катышкан. Аны Александр Левданский таптайт.

Быйыл 25-Кышкы Олимпиада оюндары Италиянын Милан жана Кортина-д Ампеццо шаарларында 6-22-февраль аралыгында өтүп жатат.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса