Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси алмашты

0

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев кызматынан алынып, ордуна Айбек Мамыралиев дайындалды.
Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, жаңы төраганы агенттиктин эмгек жамаатына 17-февраль күнү министрдин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды.
Өз сөзүндө ал мекеме ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарын - атаандаштыкты өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын белгиледи. Өзгөчө социалдык маанилүү товарлардын баасына көзөмөл жүргүзүү керек экенин айтып, базарларга активдүү мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берди.
Айбек Мамыралиев аталган мекемени 2023-2024-жылдары жетектеп турган.
Мурдагы төрага Жээналы Орозбаев бул кызматка 2024-жылы сентябрда дайындалган. Ал Камчыбек Ташиевдин классташы экенин басма сөз каражаттарына курган маегинде айтканы бар.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда Бишкекке кайтып келип, 17-февралда чет жакка чыгып кеткен Ташиев кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса