Суусамырда кар көчкү алдында калган чабандын сөөгү табылды
Маалыматка ылайык, уланып жаткан издөө иштеринин натыйжасында маркумдун сөөгү бүгүн, 18-февралда табылып, кар алдынан чыгарылды.
Издөө иштерине 70тей адам катышты.
12-февраль күнү Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагындагы Бороондуу жайлоосунда 59 жаштагы чабанды 50 баш кою жана аты менен чогуу кар көчкү басып калганы кабарланган. Ошондон бери жүргүзүлгөн издеп-куткаруу иштери жыйынтык бербей келаткан.
ӨКМ жаан-чачынга жана күн ысышына байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында көчкү түшүүсү мүмкүн экенин улам эскертүүдө.
Ошондой эле калың кардан улам 12-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилгени кабарланган.(ZKo)
