Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

2025-жылы "кайрылман" макамы 935 этникалык кыргызга берилди

0

Былтыр 935 этникалык кыргыз "кайрылман" макамын алды.
Анын ичинде Өзбекстандан келген 66 адам, Тажикстандан келген 837 адам, Кытайдан 12, Орусиядан 9, Ооганстандан 10 жана башка өлкөлөрдөн бир адамга берилген. Быйылкы январь айында "кайрылман" макамы 132 этникалык кыргызга берилди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, "кайрылман" макамы тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алууга мүмкүнчүлүк берет. Макам атайын мекемелер аралык комиссия тарабынан берилет.
"Кайрылман" макамын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим министрликке кайрылган күндөн тартып эки ай ичинде кабыл алынат.

Маалыматка караганда, кайрылмандар Кыргызстандын жарандарындай эле социалдык кепилдиктерге жана жеңилдиктерге укуктуу. Алар социалдык жөлөкпул, пенсия, акысыз медициналык-санитардык жардам, билим алууга жана өлкө аймагында ишке орношуу укугуна ээ.

"Кайрылман" күбөлүгү үч жылдык мөөнөткө берилет. Бул мезгил ичинде кайрылмандар Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу арызы менен кайрылууга тийиш.

Министрлик кайрылмандарга басмырлоо же орой мамиле жасалган фактылар болсо, коомдук кабылдамага 1966 номери аркылуу кайрылып, билдирүүгө болорун эскертти.

Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздарга тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери орой мамиле кылып, бөлүп-жарган фактылар бар экенин билдирген. Ал 2021-жылы Тажикстандан жана Өзбекстандан тарыхый мекенине башкалка издеп келген миңдей кыргыздар алигүнчө "кайрылман" макамын ала албай жүрүшкөнүн, аларга тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери кагып-согуп мамиле кылышканына даттанганын айткан.

Тажикстандан көчүп келген кыргыздар "Кайрылман" макамын алгандан кийин, Кыргызстандын жарандыгын жана паспортун алуу оор болуп жатканын айтып, "Азаттыкка" да кайрылышкан учурлар бар.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса