Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28

УКМКнын мурдагы кызматкери Бердибек Боронбаев камакка алынды

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бердибек Боронбаев 15-апрелге чейин камакка алынды.

Мындай чечимди 19-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы берген. Бердибек Боронбаевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Башкы прокуратура козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. Андан тышкары шектүүнүн жакындары менен адвокаттары да үн ката элек.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Мындан кийин УКМКнын төрагасы, анын орун басарлары менен атайын кызматтын облустардагы жетекчилери да алмашты.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда ал Бишкекке кайтып келген. Тарапташтары акыркы саясий окуялар тууралуу Ташиев Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрөрүн билдиришкен. 17-февралда ал чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.

Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков камалды. УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоорбек Жумабеков кызматынан алынды. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса